15:54, 29 март 2024 Жм

Акыркы суткада пневмониядан 23 бейтап каза тапты

Акыркы суткада 23 бейтап пневмониядан каза тапты. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Маалыматка караганда, ооруканадан сырткары пневмония жуктуруп алган (COVID-19 тастыкталбаган) стационардагы бейтаптардын саны – 1724

Реанимацияда – 112, оор абалдагылар 337 адам.

Пневмониядан каза болгондордун жалпы саны – 120 адам.

Бардыгы – 2508, алардын ичинен айыккандар – 664 адам.

up