Президент Сооронбай Жээнбеков “Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыгына кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык ЖК VII чакырышылына депутаттарды шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында, жекшембиде, өтөт деп бекитилди.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (БШК) шайлоону өткөрүүнү КР мыйзамдарына ылайык уюштуруусу тапшырылды.