Жеке секторго насыя берүү үчүн эл аралык донорлордон 183,6 миллион доллар акча алынат. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, ал каражат пандемиядан улам кыйын абалга кептелген жеке тараптарга берилет. Анда 122,5 миллион доллар Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы тарабынан берилмекчи.
Дүйнөлүк банк 72,5 миллион доллардын жарымын грант, калган жарымын 0,75 үстөк пайыз менен 38 жылга алты жылдык жеңилдик менен насыя катары берүүдө.
Ал эми Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын 50 миллион долларды бир пайыздык үстөгү менен 32 жылга, Европа инвестициялык банкы 25 миллион долларды бир пайыздык үстөгү менен 12 жылга берет.
Аталган каражат июль айынан келе баштайт.