21:05, 23 апрель 2024 Шш

Билим берүү министрлиги 1-сентябрга кандай даярдык менен барарын айтты

 Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылына карата эки вариантты даярдап жатат. Биринчиси — балдардын мектепке барып билим алуусу, экинчиси — аралыктан окутуу. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен сырткаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова билдирди.

Анын айтымында, учурда жаңы видеосабактардын планын иштеп чыгууга методисттер жана аны өтө турган мугалимдер бекитилди.

"Аралыктан окутуунун сапатын жакшыртуу боюнча тынбай жыйындар өтүп жатат. Окуучулар менен мугалимдин ортосунда кайтарым байланыш түзүү жана башка иштер каралууда. Быйыл биринчи жолу аралыктан окуттук, көптөгөн мугалимдер алгачкы ирет камеранын алдында иштеп кыйналды. Кээ бир райондордо телевидение жана интернет жок болуп жатты. Биз төртүнчү чейректен жыйынтык чыгардык, андагы каталарды оңдоого аракет кылабыз", — деди Кусеинова.

Ошондой эле ал мугалимдер видеосабактан негизги темаларды гана айтып беришерин, калганын мугалимдер тереңдетип түшүндүрүп бериши керектигин кошумчалады.

Булак: Sputnik

up