16:57, 28 март 2024 Бш

Орусияда бир суткада 6,7 миң адамдан коронавирус аныкталды

Акыркы сутка ичинде Орусияда 6760 коронавирустук инфекциянын жаңы учуру катталды. Бул тууралуу 2-июлда коронавируска каршы күрөшүү боюнча оперативдүү штабдын маалыматына таянып жергиликтүү басылмалар жазды.

Жаңы учурлар өлкөнүн 83 аймагында катталган.  Анын ичинде 2167  учурда эч кандай оорунун белгилери байкалган эмес.

Ошентип, өлкөдө коронавирус пайда болгондон бери жалпысынан 661 миң 165 адамда коронавирус инфекциясы аныкталды. Анын ичинде 429 миң адам вирустан айыгып, 9683 адам каза болду.

Аталган мезгил ичинде коронавирусту  текшерүүгө 20,1 миллион лабораториялык текшерүү жүргүзүлгөн, анын ичинде акыркы суткада 316 миң изилдөө жүргүзүлгөн. Учурда 286 миң бейтап көзөмөлдө турат.

up