21:15, 28 март 2024 Бш

Каржы полициясы дарыны кымбаттаткан дарыканаларды текшере баштады

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы айрым дарыканалардагы дары-дармектердин баасын негизсиз жогорулаткан фактыларды аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, текшерүү учурунда коргоонуучу каражат, дарыларды бир нече эсеге кымбаттаткан фактылар табылган.

Республика боюнча дарыканаларда баанын жогорулап кетпеши үчүн текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Буга чейин ал аракеттер алдын алуу максатында уюштурулуп келген. Мыйзамсыз фактылар аныкталып, дарыкана ээлери катуу жазаланарын эске салабыз, — деп жазылган маалыматта.

Дары-дармектин кымбаттап кеткен фактыларына күбө болгондор Финансы полициясынын 1955 ишеним телефон номерине жана receivefinpol.gov.kg@gmail.com электрондук дарегине арыз менен кайрыла алышат.

Эскерте кетсек, дары-дармектин кымбаттап жатышы акыркы убакта курч маселеге айланууда.

up