17:15, 24 апрель 2024 Шр

Индия менен Кытайдын ортосундагы эзелтен бүтпөгөн жер талаш

Кытай жана Индиянын аскердик башкармалыктарынын өкүлдөрү чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча үчүнчү ирет жолугушуусун өткөрдү. Бул тууралуу КЭРдин Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжао Лицзян билдирди.

«Индиянын жана Кытайдын аскер башкармалыктарынын өкүлдөрү консультациялардын үчүнчү раундун 30-июнда өткөрүшкөн. Тараптар мурдагы сүйлөшүүлөрдө башталган мунасага келүүнү ишке ашыруу үчүн аракет кылып жатышат. Алар сүйлөшүүнүн натыйжасында чек ара зонасындагы көзөмөл жүргүзүлүп жаткан чектен аскерлерди жылдырууга жетишишти”, — деп бүгүн, 2-июлда кытай дипломаты КЭРдин ТИМинин сайтында билдирүү жасаган.

Ал кытай тарап муну колдой турганын белгилеп: “Кытай жана Индия тарабынан жетишилген реалдуу кыймыл-аракеттердин консенсусу ишке ашарына ишенип, эки өлкөнүн ортосунда аскердик жана дипломатиялык каналдар боюнча тыгыз байланыштар болуп, КЭР жана Индия чек ара райондорунда абалды жумшартуу үчүн чогуу аракет кылат деген ниетин билдирди.  .

Эскерте кетсек, КЭР жана Индиянын ортосунда тоолуу Кашмирдин түндүк аймагында 60 миң чарчы чакырымга созулган Аруначал-Прадеш деп аталган жайгашкан штатта көптөн бери чечилбей келген жер талаш маселеси бар.

Көзөмөл линиясы Ладакх аймагы аркылуу өтөт. 1962-жылдан бери бул жер талаш кадимкидей эле чек ара согушуна айланып кеткен. Анткен менен 1993-жана 1996-жылдары КЭР жана Индия талаш аймактарда тынчтыкты сактоо тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ал эми кечээ жакында болуп өткөн окуяда абалдын курчушу май айынын башында бийик тоолуу Пангонг Цо көлүнүн жанында эки өлкөнүн аскерлеринин кагылышуусу менен коштолгон. Ушул окудан соң, Индия жана Кытай Ладакх өрөөнүндө факты жүзүндөгү көзөмөл чегин аскердик күчтөр менен бекемдей башташкан. Индиялык ЖМКлар билдиргендей, бул аймакка кытай аскерлери Галван дарыясынын жээгине бир канча чатырларды тигип, курулуш иштери башталганда индиялык тарап кошумча аскердик күчтөрдү алып келген.

Июнь айынын башында абалды деэскалациялоо максатында Индиянын 14-корпусунун генералы генерал-лейтенант Хариндер Синх түзүлгөн кырдаал боюнча Кытайдын Элдик-боштондук армиясынын Түштүк-Синцзян аскердик округунун генерал-майору Лю Линь менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Индия ТИМи сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Пекин жана Нью-Дели абалды тынчтык жолу менен чечүүгө макулдашып, аскердик жана дипломатиялык деңгээлде мамилелерди улантарын билдирген.

Индия менен Кытайдын жаңы чыңалуусу эки өлкөнүн аскерлеринин Ладакх өрөөнүндөгү Галван дарыясынын жанында 15-июнь күнү кечинде болуп өткөн мушташынан кийин башталган. Расмий Нью-Делинин айтымында, индиялыктар тараптан 20 аскер набыт болгон. Ал эми кытайлыктардын тарабы аскер арасындагы өлүм-житим боюнча маалыматтарды тараткан эмес.

up