14:07, 19 апрель 2024 Жм

Ооруканаларда 1247 бейтап пневмонияга дарыланууда

Учурда өлкөнүн ооруканаларында 1247 киши пневмониядан (коронавируска тапшырган анализдери таза чыккан) дарыланууда. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан билдиришкендей, ооруканада пневмониядан дарыланып жаткандардын ичинен 337 бейтаптын абалы оор, 112 киши реанимация бөлүмүндө жатат.

Өлкөдө март айынан бери 1971 адам ооруканадын тышкаркы пневмония менен ооруканага дарыланууга алынып, анын ичинен 627 киши айыгып чыккан, 97 бейтап кзаа болгон.

up