08:06, 25 апрель 2024 Бш

Чоң-Алайдын акими коронавируска чалдыкты

Чоң-Алайдын акими Жумадилла Жапаровдон коронавирус табылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев «Ынтымак» телеканалында түз эфирде маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен да коронавируска чалдыккандар көп болуп жатат.

«Карантин убагында көп кызматкерлерибизди аралыктан иштөөгө жибергенбиз. Чоң-Алай районунда оору көп катталган эмес, вирус такталган он адамдын сегизи Тажикстандан кайткан кыргыздар болчу, алар Чүйгө кетишкен. Ал Ошко деле көп келчү эмес экен. Аким кайдан, кимден жугузуп алганы белгисиз. Андан вирус аныкталганы менен, белгилери жок болуп жатат», - деди ал.

Ош облусунун Араван районунун акими Курбанбай Айтибаевден да коронавирус илдети 18-июнда аныкталган. Өкмөттүн өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин маалыматына караганда, аким дарыланууда, абалы жакшы.

30-июнда Ош облусунда коронавирус жуккан беш адам катталды. Пандемия башталгандан бери жалпы облуста коронавируска чалдыккандардын саны 489 адамга жетти. 

up