11:27, 25 апрель 2024 Бш

Airbus бир жылда 15 миң кызматкерин иштен кетирет

Европанын Airbus SE авиакомпаниясы 2021-жылдын жаз мезгилине чейин 15 миң кызматкерин иштен кетирүүнү пландоодо. Бул коронавирус пандемиясынын кесепетинде пайда болгон чыгымдын ордун толтуруу максатында ишке ашырылмакчы.

Соңку айлардагы кризистен улам авиакомпаниянын коммерциялык баалуулугу 40 пайызга төмөндөп кеткен. Ошондой эле, компания абал толугу менен турукташканга чейин каттамдарын жандантпай турууну чечкен. Ошондуктан айрым филиалдарын да жабуу керектелет. Маалыматка ылайык, кыскартуулардын көпчүлүгү Германия менен Францияга туура келет. Бул 2 өлкөдөгү 10 миңден ашык кызматкердин санын кыскартуу каралган.

«Airbus өндүрүштөгү эң оор кризисти башынан өткөрүүдө»,- дейт компаниянын аткаруучу директору Гийом Фори.

Airbusтун акциялары 2020-жылдын башынан бери 50 пайыздан да төмөндөп кеткен.

up