22:32, 28 март 2024 Бш

Июлдан тарта Өзбекстанда карантиндик чаралар күчөтүлөт

Коронавирус менен күрөшүү боюнча атайын республикалык комиссиянын чечими менен 1-июлдан тарта Өзбекстан карантиндик чараларды күчөтөт. Бул тууралуу Xabar.uz билдирет.

Санитардык жана дезинфекция иштери үчүн ишемби жана жекшемби күндөрү республиканын бардык аймактарындагы ири кийим базарлары жана соода борборлору жабылат.

«Кызыл» жана «сары» карантиндик деңгээли бар аймактарда коомдук жайларда саат 07: 00дөн 23: 00гө чейин үчтөн ашык кишиге чогулушуна тыюу салынат, ал эми саат 23: 00дөн 07: 00гө чейин жарандар көчөдө жана көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунда болушат.

Ошол эле учурда, ден-соолугунун начардыгы же кош бойлуулугунан улам медициналык мекемелерге баруу керек болгондор сыртка чыгууга же дары-дармек алуу үчүн дарыканага барууга уруксат берилген.

Бул чектөөлөрдү бузган жарандар административдик жоопкерчиликке тартылышат. «Кызыл» жана «сары» зоналарда дем алыш күндөрү коомдук транспорттун кыймылы азаят.

up