22:26, 20 апрель 2024 Иш

"Жыт сезүү кайтып келип, көк жөтөл басылды". Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу коронавирустан айыкты

Ооруну жеңип, ооруканадан үйүнө чыгарылганын Ибраим Нуракун улуу баракчасына жазды. Айтымында, кайталап тапшырган анализинин жыйынтыгы 2 күндөн кийин чыгат.

"Жанымдагы дуңган жигит... Ысымы Хизир, кыргызчасы Кызыр экен. Урматтуу туугандар, тогуз күн дегенде Кызыр экөөбүз Токмоктогу оорукана, андагы алтын врачтардын жардамы менен COVID-19ду жеңип чыктык. Орунду ээлебей мындан ары үйүмө барып жатмак болдум, доктурлар уруксат берди. Кызыр түз эле кетменин көтөрүп пияз талааны сугарууга кетти. Эки күндөн кийин анализибиз чыгат. Таза чыгат деп үмүттөнүп жатабыз. Себеби, жыт сезүү кайтып келди, көк жөтөл басылды.

Ата-энелерибиз, карыяларыбыз ылайым эле аман-эсен болсун. Жаштар үчүн COVID грипптей эле жеңил өтөт экен. Коркпоңуздар. Менден көп досторум эмне дары ичтиң деп сурап жатышат. Жөн гана жөтөлдүн дарысын ичтим. Эң негизгиси башкаларга жугузбай обочо дарыландым. Палата бошоду, муктаж адамдарыбыз дарыланып, алардын да ооруну жеңип чыгышын тилейм! Ырчы кызыбыз, Аселибиз да сакайып кетишин тилейбиз, оорубаңыздар", - деп жазды ал.

18-июнда парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулунан коронавирус инфекциясы аныкталганы кабарланган.

 

up