Кара-Көл шаарындагы лагерден качып кеткен 4 жоокер боюнча расмий билдирүү тарады.
ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, №718 аскер бөлүгүнүн катарын толуктоо максатында ушул жылдын 3-июнунда аскерге чакырылгандар келишкен. Ошондой эле, коронавирустун алдын алуу үчүн аскер бөлүгүнөн алыс жайгашкан лагерде атайын жай уюштурулган. 17-июнда бул жайды аскерге чакырылгандардын тергөө ташып кетишкен. Бул тууралуу Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасына кабарлаган.
Аталган 4 жигит аскердик ант бербеген адамдар болуп саналат.