13:15, 29 март 2024 Жм

Сыймык Жапыкеевдин калпы сот залында чыкты

Сыймык Жапыкеевдин калпы сот залында чыкты — Today.kg

Жалпы эл коронавирус дартынан карантинде отурганда мурдагы прокурор Сыймык Жапыкеев Кубанычбек Жумалиевдин “2,5 млрд. доллар байлыгы бар” деп жалган айтып, элдин көңүлүн буруш үчүн дагы бир топ өйдө-төмөн кеп-сөздү келжиреген. Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев адамдык ар-намысына жана ишкердик беделине шек келтиргендиги үчүн С. Жапыкеевден 10 млн. сом моралдык чыгым өндүрүү үчүн аны сотко берген. 4-июнда бул иш боюнча соттун биринчи жыйыны болуп, анда Сыймык Жапыкеев Кубанычбек Жумалиевдин 2,5 млрд. доллар байлыгы жок экендигин, калп айткандыгын мойнуна алган.

Эми бул иштин саясый өңүтүнө саресеп салалы. Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев качып кеткенде анын жакындарынын, жан-жөкөрлөрүнүн үй-мүлкүн тартып алышты, конфискациялашты, талап-тоноп кетишти. Экинчи президент Курманбек Бакиев качканда дал ушундай иштер кайталанды. Мүлктөр, бизнестер тартылып алынды. Бирок мындай байлык, мүлктөрдүн элге пайдасы тийбеди, болгону байлыкты гана кайра бөлүштүрүү жүрдү. Сыймык Жапыкеевдин бир нече адамдын аты-жөнүн атап, алардын үйүнө он миң адам бастырып барып болгон байлыгын тартып алууга үндөгөнү түшүнгөн адамга жарандык согушка чакырууга тете. Кокус байлыкты басып алуу ишке ашса, алар дагы Акаевдин, Бакиевдин байлыгындай болуп таланып-тонолуп кетпейт деген кепилдик барбы? Анан калса прокурор болуп иштеген, укук жаатын башкаларга караганда жакшы билген адам эмне үчүн бардык иштерди мыйзам аркылуу ишке ашырууга чакырбайт?

Эгерде мындан 20-25 жыл мурда болуп өткөн менчиктештирүүнүн натыйжаларын кайра кароо зарылдыгы турса, андай ишти мыйзам жолу менен гана кароодон башка жол жок. Анан калса менчиктештирүүгө катышкан бардык адамдар үчүн бул иш бирдей жүргүзүлсө гана адилеттүү болот. Жапыкеев айткандай, он миң адам бастырып барып бирөөнүн мүлкүн, өндүрүшүн тартып алууга эч кимдин акысы жок. Ооба, Кыргызстан демократиялык, светтик өлкө курууга аракет кылып келе жатат. Азыр менчик түрү боюнча көптөгөн мыйзам кабыл алынган, алар иштеп жатат. Менчиктин бардык түрү, анын ичинде жерге болгон менчик да азыр мыйзамдар тарабынан корголот. Эгерде аларды кайра кароо башталса, бул жарандык согушка алып келүүсү толук ыктымал. Бул маселе азыркы шартта Кыргызстанга керекпи?

Кыргызстандан башка мурдагы союздун тутумуна кирген мамлекеттерде да менчиктештирүү жүргөн. Алардагы менчиктештирүү да Кыргызстандагыдай эле жол менен болгон. Бирок азыр анын жыйынтыктарын кайра кароо эч кимдин оюна келбейт. Анткени аны кайра кароо хаоско гана алып келерин алар жакшы түшүнүшөт.

 

up