03:08, 25 апрель 2024 Бш

Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында курал колдонгон чыр чыкты

Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында курал колдонгон чыр чыкты — Today.kg

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы талаштуу аймакта жергиликтүү жашоочулардын ортосунда Баткен районунун Чек аймагына тиешелүү 50 сотых жерди талашуу менен чыр чыкты. Талашкан жер такталбаган аймакка кирет, бирок аны кыргыз тарап пайдаланып келген. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда эки тараптан тең 30-40 киши бири-бирине таш ыргытып, кыргызстандык бир жаран башынан жаракат алды. Чыр-чатак учурунда мергенчилик куралдан ок атылды. Чек арадагы чыр-чатактын күчөп кетишинин алдын алуу максатында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атып, тынчый түшкөн маалда түшүндүрүү иштери жүргөн.

Маалыматта «ошого карабастан Тажикстандын чек арачылары күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй миномёт атты» деп айтылат. Ошондой эле «азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал оор» деп мүнөздөлөт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай боюнча тажик тарап расмий маалымат тарата элек.

up