03:10, 19 апрель 2024 Жм

Салык отчётун берүү мөөнөтү 1-июлга чейин узартылды

Салык отчётун берүү мөөнөтү 1-июлга чейин узартылды — Today.kg

Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу салык отчётун берүү мөөнөтү 1-июлга чейин жылдырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

"Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги Мыйзамы менен салык төлөөчүлөр тарабынан 2020-жылдын 1-кварталы үчүн же март айынан май айына чейинки салык мезгили үчүн түзүлүүчү салык отчётун берүү мөөнөтү жазуу жүзүндөгү арызысыз ушул жылдын 1-июлуна чейин узартылды", - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Бул узартууга Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз өлкөсүнүн аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салык отчёту кирбей турганын кошумчалады.

"Ал эми жеке жактардын 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2021-жылдын 1-апрелине чейин белгиленди.

Алсак, ушул жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын берүүгө жетишпей калган жеке жактар 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларация тапшыра алышат", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.

Жеке жактардын категориясына төмөнкүлөр кирет: мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер (анын ичинде патенттик негизде салык төлөөчүлөр), кыймылсыз мүлк салыгы салынуучу транспорт каражаттарынын ээлери жана жер участоктору барлар (короо-жай алдындагы участокторду кошпогондо), ошондой эле юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар.

 

up