7-апрелде Чүйдүн Москва районунда Апрель революциясынын баатырлары урматталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга раймамадминистрациянын башчысынын орун басары Жоомарт Нарботоев билдирди.
Анын айтымында, райондо Апрель революциясынын 8 баатыры бар.
«Учурдагы өзгөчө кырдаалды эске алуу менен райондо Апрель революциясынын 10 жылдыгын үйлөрдө белгиледик. Бизде ал революциянын 8 баатыры бар. Алардын ичинен 3 жоокер каза болгон. Биз 8 баатырдын баарынын үйлөрүнө барып, жашоо шарттары менен тааныштык. Раймамадминистрациянын атынан ар бирине 1 каптан ун, 5 литрден май жана 2 миң сомдон жардам көрсөттүк. Ошондой эле үй-бүлөлөрүнүн саламаттыгын тилеп, учур көйгөйү жөнүндө да кошумча маалыматтарды айттык. Үйдө болууга, санитардык-гигиеналык эрежелерди так сактоого чакырдык. Балдарды аралыктан онлайн түрүндө окутууга машыктыруусун белгиледик. Эгер коронавирус жугуштуу илдети болбогондо Апрель революциясынын 10 жылдыгын райондук деңгээлде өткөрүү иш-мерчемдери аткарыла тургандыгын түшүндүрдүк», - деди акимдин орун басары.
Ошондой эле, айыл өкмөттөрдө Апрель революциясынын 10 жылдыгы үйдө белгиленип, баатырларга сый-урмат көрсөтүлүп жатат.