00:59, 24 апрель 2024 Шр

Кочкоров: Эми жардамга муктаждар билдирүүлөрүн электрондук түрдө жибере алат

Гуманитардык жардамга муктаждар 1227.tunduk.kg сайты аркылуу билдирүү калтырса болот. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Анын айтымында, «1227» номерине кайрылгандарга жооп берүүгө жетишпей жаткандыктан электрондук түрдө билдирүү калтыруу үчүн 1227.tunduk.kg сайты ишке киргизилген. «Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тарабынан 1227.tunduk.kg сайты иштелип чыкты. Ар бир жаран аталган сайтка кирип билдирүүлөрдү калтырса болот. Бүгүнкү күндөн тарта ишке тирип жаткан сайтка мобилдик телефондордон да билдирүүлөрдү калтырса болот», — дейт ал.

Кочкоров белгилегендей, жардам штаб түзүлгөндөн бери 210 миң 779 кайрылуу келип түшкөн. «Кайрылуулардын ичинде колунда барлар да сурап жаткан учурлар катталууда», — деп кошумчалады министр.

up