17:08, 29 март 2024 Жм

Кочкоров: Кыргызстанда жалпы 156 миң адам жумушсуз

Улуттук статкомитеттин маалыматы боюнча жалпы жумушсуздардын саны 156 миң 300 адам. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жалпы жумушсуздардын саны 97 миӊ 400 адам, анын ичинен расмий жумушсуздардын саны 78 миӊ адам. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул алгандардын саны 155 адам, өлчөмү 300 сом”, — деп билдирди эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров.

Мындан тышкары ай сайын 25 категориядагы жарандар жеңилдиктердин ордуна 1000 сомдон 7000 сомго чейинки өлчөмдөгү акчалай компенсацияларды алышат. Алардын саны 41 миң 200 адам.

“Мамлекеттик жөлөкпулдар, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды баккан жеке ассистенттердин айлык акылары, багып алуучу үй-бүлөлөргө жана убактылуу үй-бүлөлөрдө тарбияланган балдарга берилүүчү каражаттар өз убагында толук кандуу төлөнөт”, — деп комушчалады министр.

Ошондой эле ал Кыргызстанда 110 миң аз камсыз болгон үй-бүлөгө мамлекеттик материалдык резервден 5 400 тонна ун таркатылып жатканын кошумчалады.

Шаардык/район аралык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын кызматкерлери муктаж болгон жарандарга азык-түлүктөрдү жана коргоо каржаттарын үйлөрүнө чейин жеткирип жатышат.

up