11:36, 25 апрель 2024 Бш

Ошто ооруганын жашырган жаран туугандарына жана кесиптештерине жуктурган

Бир жаран илдетти жугузуп алуу беренеси боюнча кармалды, аны текшерүүгө алганда коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Тилекке каршы, ал ооруганын жашырып, эч кимге айтпастан тууган-урук, теңтуштары жана ишканасындагы кесиптештери менен байланышып жуктурган.

«Азыр ал жаран обсервациядагы изоляторго алынды. Жакшы болуп чыгаары менен 5 жылга чейин камакка алынат», — деп билдирди Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Нурдинов.

up