15:09, 19 апрель 2024 Жм

ИИМ: кылмыштуулуктун саны кескин кыскарды

Өлкөдө өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу кылмыштуулуктун саны кескин азайды. ИИМ басма сөз кызматы кабарлагандай, 25-марттан бери өзгөчө оор жана оор кылмыштар аз катталды. Нарында кылмыш дүйнөсүнүн «төбөлү» атыккан Лемонтинин өлүмү катталса, Аламүдүн жана Ноокен райондорунда киши өлтүрүү боюнча эки факт катталып, шектүүлөр кармалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Алгач өзгөчө кырдаал жарыяланган 22-марттан 5-апрелге чейин өлкөдө 1351 кылмыш, 1480 жорук катталган, бул былтыркы ушул убактагы кылмыштарга караганда орточо 36% аз.
Мунун ичинде ээнбаштык,бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук
көрсөтүү, жасалма документтерди даярдоо жана пайдалануу, уурулук,
зордуктоо, денеге залал келтирүү, алдамчылык кылмыштары бар.

ИИМ кылмыштуулуктун саны кескин кыскаруусу өлкөдө өзгөчө абал киргизилип, милиция түнү-күнү күчөтүлгөн режимде иштеп жатканына байланыштуу деп эсептөөдө.

Кыргызстанда коронавирустун жайылуусуна жол бербөө максатында 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тарта оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Өлкөдө COVID-19 вирусун жуктурган 3 адам алгачкы жолу 20-мартта катталган. 7-апрелдеги маалыматка ылайык, вирус жуктургандардын саны 228 кишиге жетти. 23 адам айыгып чыкты. Төрт киши оорудан көз жумду.

up