01:08, 19 апрель 2024 Жм

Боронов: Убакытты тесттерди күтүү менен кетирбешибиз керек

Республикада вируска каршы дары-дармектин жана тест-системанын саны жетиштүү. Бул тууралуу cаламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Республика боюнча 9 лаборатория иштеп жатат. Зарыл болгон бардык тест- системалардын болушу лабораториялардын толук кубаттуулукта иштөөсүнө жана бардык тоңдурулган биоматериалдар боюнча кыска мөөнөттүн ичинде жыйынтыктарды алууга мүмкүндүк берет.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өлкө аймактарын тест-системалар, дары-дармектер, жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз кылуу боюнча туруктуу иш жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Республиканы зарыл болгон дары-дармектер, тест-системалар менен жетиштүү көлөмдө камсыз кылууга мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө иштери туруктуу негизде жүргүзүлүшү шарт.  Биз убакытты тесттерди күтүү менен кетирбешибиз керек. Бул иштер туруктуу жүргүзүлүп, өзгөчө көзөмөлдө болууга тийиш. Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлиги жасалма дем алдыруу аппараттарын сатып алуу боюнча иштерди тездетүүсү керек. Бардык процедураларды сапаттуу жана максималдуу натыйжалуу аткаруу маанилүү, — деди Кубатбек Боронов.

Ошондой эле, ал ыкчам бригадалардын иши үчүн жакшы шарттарды түзүү, анын ичинде унаа жана ысык тамак менен камсыз кылуу зарылдыгына, мүмкүн болгон шартта мындай бригадалардын санын көбөйтүүгө көңүл буруу керектигин айтты.

up