12:58, 23 апрель 2024 Шш

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүгө 12,15 млн доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга COVID-19 пандемиясына ыкчам жооп кайтаруу боюнча долбоорду ишке ашырууга 12,15 млн доллар бөлүп берет. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Мындан сырткары учурдагы долбоордон 9 млн доллар COVID-19 глобалдык пандемиясына байланыштуу тобокелчиликтерге даярдануу жана натыйжалуу жооп кайтаруу боюнча өлкөнүн күч-аракеттерин колдоого жумшалат.

“COVID-19 пандемиясына ыкчам жооп кайтаруу боюнча долбоордун максаты – өмүрлөрдү сактоо жана андан ары оорунун жайылышын болтурбоо”, — деп билдирген Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазар.

Мындан сырткары “Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелчиликтерине туруктуулугун жогорулатуу” аттуу учурдагы долбоорунан 9 млн доллар бөлүштүрүлөт. Дүйнөлүк банк каржылап жаткан бул долбоордун алкагында өкмөткө чукул кырдаалдарда коротулбаган каражаттарды тез арада алууга өбөлгө түзгөн механизм бар.

Кыргызстандын премьер-министринин жетекчилиги алдындагы COVID-19 жайылышын болтурбоо боюнча республикалык штаб жалпы улуттук жооп кайтаруучу чараларда, анын ичинде COVID-19 долбоору боюнча ишмердүүлүктү кошкондо, алдыңкы ролду ойнойт. Ачык-айкындуулукту камсыздоо үчүн бул долбоорлорду жүзөгө ашырууда Дүйнөлүк банктын сатып алуулар жана каржыларды башкаруу боюнча процедуралары колдонулат.

up