23:25, 28 март 2024 Бш

Кыргызстан: COVID-19 жуккан медицина кызматкерлеринин саны 16га жетти

Кыргызстанда 7-апрелге карата акыркы бир суткада коронавируска чалдыккан 12 адамдын жетөө медицина кызматкери. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Министрдин айтымында, жетөөнүн төртөө (бир дарыгер, үч медайым) Ноокат райондук ооруканасында. Үчөө Оштогу жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасында (бир дарыгер, эки медайым).

Буга чейин коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин саны тогуз экени айтылган.

7-апрелде акыркы бир суткада COVID-19 вирусу 12 адамда табылып, жалпысынан 18-марттан бери 228 адам болду. Алардын 23ү айыкты, төртөө каза болду. 

up