17:51, 19 апрель 2024 Жм

Коменданттык саат: түндө өлкө боюнча 94 киши кармалып, 22 унаа токтотулду

 7-апрелге караган түнү Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык саат режимин бузган 94 киши кармалып, 22 унаа айып короого киргизилди. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Коменданттык сааттын эрежеси боюнча Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда кечки 8.00дөн эртең мененки саат 7.00гө чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.

Кечээ коменданттык сааттын талаптарын бузгандар төмөнкү жерлерде катталды:

  • Бишкек шаарында — 80;
  • Ош шаарында — 5;
  • Жалал-Абад шаарында — 3,
  • Сузак районунда — 1,
  • Кара-Суу районунда — 5.

 

 

up