03:44, 29 март 2024 Жм

Бүгүн Апрель ынкылабына 10 жыл

Бүгүн, 7-апрель Апрель ынкылабына 10 жыл болду. 2010-жылы ушул күнү эл мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыгып, митиннге чыгышкан.

Анда элге ок чыгарылып, 80ден ашык киши набыт болгон. Ал эми 100дөн ашуун жаран жаракат алган. Ошондон кийин Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып кеткен. Андан соң өлкөдө Убактылуу өкмөт түзүлүп, стабилдүүлүк орнотула баштаган.

Кошумчалай кетсек, 7-апрель Кыргызстанда майрам катары кабыл алынган жана бул күнү дем алыш жарыяланып келет. Бирок учурдагы кырдаалга байланыштуу бүгүн мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн иш күнү болот.

up