07:23, 29 март 2024 Жм

Нью-Йоркто эки өзбек жараны коронавирустан каза болду

Өткөн аптада Нью-Йорктун Бруклин аймагында COVID-19 илдетинен Өзбекстандын эки жараны каза болду. Кошмо Штаттардагы өзбек элчилигинин маалыматына караганда алардын бири 51 жаштагы эркек, экинчиси 69 жаштагы аял болгон.

Экөө тең үй-бүлөлөрү менен АКШда жашап, иштешчү. Нью-Йоркту он миңдеген өзбекстандык байырлайт.

АКШда коронавирустан жабыркап жаткан ар бир үчүнчү адам Нью-Йорк штатына туура келет. Жалпы өлкө боюнча COVID-19 илдетине чалдыккандар 6-апрелге карата 340 миңди чамалады.

 

 

 

 

up