20:48, 25 апрель 2024 Бш

Республикалык инфекциялык ооруканага дезинфекциялык туннелдер орнотулат

Дезинфекциялык туннелдер Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына орнотулат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Бир кабина ооруканага келгендер үчүн, экинчиси тез жардам машиналары үчүн коюлат.

Белгилей кетсек, жабдуулар жергиликтүү адистер тарабынан иштелип чыккан жана коронавируска каршы күрөшүү максатында мамлекетке акысыз өткөрүлүп берилген.

Туннелдердин жалпы наркы 1,5 млн сомду түзөт, алар Бишкек шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгынын балансында катталат.

up