19:13, 29 март 2024 Жм

БУУ Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүдө көмөк көрсөтөт

 Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, жолугушууда тараптар коронавирус инфекциясынан улам өлкөдө түзүлгөн кырдаал боюнча пикир алышып, анын жайылышына каршы күрөшүү маселесин талкуулашкан.

"Мамлекет башчы кыргыз тараптын бул багытта көрүп жаткан иштерин айтып, өлкө кептелген  көйгөйлөрдү атады. Озонниа Ожиело БУУнун алдында экономикалык фонд түзүлгөндүгүн, ал жактан КРге да жардам көрсөтүлө тургандыгын айтты", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушууда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселеси тууралуу да кеп болгон. Туруктуу координатордун маалыматы боюнча БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте бул багытта зарыл иштерди жүргүзүп жатат.

Озонниа Ожиело вирустун жайылышынан улам пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн БУУ Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.

up