14:37, 29 март 2024 Жм

Бишкекте жол кырсыгынан эки дарыгер жабыркады

Бүгүн, 6-апрелде Жал кичи районунда тез жардам унаасынын катышуусу менен жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендатурасынан билдиришти.

Комендатурадан билдиришкендей, жол кырсыгы болжол менен саат 11:00дө Ахунбаев менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болуп, «Toyota» унаасы тез жардам унаасын сүзүп алган.

Жол кырсыгынан 2 дарыгер жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Жеңил унаанын айдоочусу жана тез жардам унаасындагы бейтап жабыркаган эмес.

up