03:34, 29 март 2024 Жм

Нью-Йоркто зоопарктагы жолборстон коронавирус табылды

Нью-Йорк шаарындагы Бронкс зоопаркында Надия аттуу бир малай жолборсунан коронавирус табылды. Бул Кошмо Штаттарда COVID-19 вирусу адамдан жаныбарга жуккан биринчи учур. Зоопарктын жетекчилиги жолборско вирус илдетке чалдыгып, бирок симптомдору билине элек кызматкерден жугушу мүмкүн деп жоромолдоду.

Маалыматка ылайык, жолборс жөтөлүп, тамактан баш тартып, кыйналып дем ала баштаганда зоопарктын ветеринарлары аны коронавируска байланыштуу текшерүүдөн өткөрүшкөн. Ушундай эле белгилер байкалган дагы алты арстан менен жолборстон анализ алынды. Алардын жыйынтыгы чыга элек.

Нью-Йорк шаарында коронавируска чалдыккан адамдардын саны 100 миңден ашты. Бронкс зоопаркы вирусту жугузуп алган кызматкеринин абалы канааттандырарлык экенин билдирди.

up