05:11, 17 апрель 2024 Шр

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 390 адамга жетти

Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясы дагы 48 адамда аныкталып, жуктуруп алгандардын саны 390 адамга жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акыркы жаңы катталган учурлар чет өлкөдөн келгендерден жана стационарда карантинде жаткан жарандардан, ошондой эле алар менен байланышта болгондордон аныкталган.

Өлкө боюнча коронавирустан 30 адам толугу менен айыкты, ал эми илдеттен эки адам көз жумду. 144 миңден ашуун адам стационардык жана үй карантинине алынган.

Өзбекстанда коронавирусту жуктурган биринчи учур 15-мартта Франциядан келген жарандан катталган. 65 жаштан ашкан жана өнөкөт оорулары бар жарандарга өзгөчө кырдаалсыз үйдөн чыгууга тыюу салынат.

Бүгүн, 6-апрелден баштап Өзбекстандын Ташкент, Нукус шаарларында жана облустук борборлордо милдеттүү түрдө өзүн-өзү изоляциялоо режими киргизилет.

up