01:10, 26 апрель 2024 Жм

Америкалык ырчы Pink коронавирус жуктурганын айтып чыкты

Америкалык ырчы Pink коронавирус жуктурганын айтып чыкты — Today.kg

Америкалык ырчы Pink коронавирус жуктуруп, айыкканын айтып чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Коронавирус оорусун жуктурганы тууралуу ырчы айым социалдык баракчасына жазган. "Эки жума мурун 3 жаштагы уулум Жеймсон экөөбүздөн COVID-19 вирусунун белгилери байкалган. Дарыгерибиз тестти таап берип, мен тапшырсам, жыйынтыгында коронавирус бар экендигин аныкталды", - деп жазган ырчы. Андан соң Pink үй-бүлөсү менен 14 күн үйүндө карантинде болуп, дарыгердин көзөмөлүндө дарыланган. Учурда ырчы айым инфекциядан толугу менен арылган. "Жакында кайрадан текшерүүчү тест кылдык. Бактыга жараша, жыйынтыгы терс болду", - деген ал.

Маалыматка ылайык, Pink вирус менен күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерине колдоо максатында Филадельфия жана Лос-Анжелестеги фонддорго 500 миң доллардан миллион доллар бөлгөнүн билдирген.

 

up