00:42, 29 март 2024 Жм

Шри-Ланкада абактагылар пандемияга байланыштуу бошотулду

Шри-Ланкада 2961 адам коронавирустук инфекцияга байланыштуу күрөө коюу менен абактан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде «Газета.ру» жазды.

Associated Pressтин маалыматы боюнча, учурда Шри-Ланкада болжол менен 26 миңдей адам абакта жатат.

Жергиликтүү бийлик коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында түрмөлөргө барууга тыюу салган. Буга абактагылар нааразычылыктарын билдиришкен.

Учурда Шри-Ланкада 166 адам коронавирус жуктуруп алган, аладын бешөө каза болгон.

up