11:12, 29 март 2024 Жм

Премьер-министр М.Абылгазиев үй карантинине жиберилди

Премьер-министр М.Абылгазиев үй карантинине жиберилди — Today.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарына эки күндүк иш сапар менен болгон делегациянын 12 мүчөсү сыяктуу эле коронавирус инфекциясынын бар же жогун аныктай турган экспресс-тесттен өттү.

Эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес аймактарда болгон делегациянын бардык мүчөлөрү Бишкек шаарына келери менен дароо коронавирустун бар же жогун аныктай турган экспресс-тесттен өтүштү.

Алардын биринен да вирус аныкталган жок. Тобокелчиликтерди азайтуу максатында алар үч күнгө үй карантинине жиберилди.

Белгилей кетүүчү жагдай, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү аракеттерди координациялоо боюнча ыкчам штабга тартылган өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери да экспресс-тесттен өттү.

 

up