21:37, 29 март 2024 Жм

"Барселона" футболдук клубунун вице-президенти коронавирус жуктуруп алды

Барселона футболдук клубунун вице-президенти коронавирус жуктуруп алды — Today.kg

Испаниянын "Барселона" футболдук клубунун вице-президенти Жорди Кардонер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 57 жаштагы Жорди Кардонер учурда өз үйүндө дарыланып жатат жана дарыгерлердин көрсөтмөлөрүн аткарууда. Азырынча абалы туруктуу. Жорди Кардонер "Барселона" клубуна байланыштуу адамдардын ичинен биринчи жолу бул инфекцияны жуктурган адам.

Испания коронавирус жуктурган өлкөлөрдүн ичинен АКШ менен Италиядан кийин үчүнчү орунда турат. Бул өлкөдө 119 миң 199 адам вирусту жуктурган жана 11 миң 198 адам каза болгон. 30 миң 513 адам инфекциядан айыгып чыккан.

 

up