22:22, 28 март 2024 Бш

Сапар Исаков №1 абакка которулганы кабарланды

Сапар Исаков №1 абакка которулганы кабарланды — Today.kg

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынан Бишкектеги №1 абакка которулду.

Бул тууралуу анын адвокаты Нурбек Токтакунов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын маалыматында соттун өкүмү күчүнө киргендиктен Исаков абакка которулган. Жактоочу Исаковдун №1 абакка которулганын туура эмес деп эсептейт.

“Тергөө абагына мени киргизбей коюшту, бул мыйзам бузуу.га жатат Ал эми Исаковдун азыр дагы эки иш боюнча соту болуп жаткан, аны абакка которуу туура эмес”, - деди Токтакунов.

Жактоочу Исаковго басым жасоо үчүн абакка которуп жатышат деп бийликти айыптады. Азырынча мамлекеттик органдар расмий билдирүү тарата элек.

Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу башка соттолгондор дагы тергөө абагына которулдубу же жокпу азырынча белгисиз.

Мурдагы эки премьер-министр Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевден тышкары энергетиктер жана экс-министр болуп баш-аягы сегиз мурдагы аткаминер «Коррупция» беренеси менен 2019-жылдын 6-декабрында соттолгон.

Бишкектин Свердлов райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду жана «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен. «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Ал эми «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан сот залынан бошотулган. Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 млн. сом айып салынган. Соттолуучулар коюлган айыптар далилсиз экенин айтып келишет.

Бишкек шаардык соту 2020-жылдын март айында Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. 

up