06:46, 29 март 2024 Жм

Кыргызстанда коронавирус жуккан бир адам каза болду

Кыргызстанда коронавирус жуккан бир адам каза болду — Today.kg

Кыргызстанда коронавирус жуккан адам каза болду. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады. Маалыматка ылайык, 61 жаштагы адам Ноокат райондук ооруканасында дарыланып жаткан.

Штабдын маалыматы боюнча 3-апрелге карата өлкө аймагында тогуз адамдан коронавирус жаңыдан аныкталды. Ушуну менен өлкөдө жалпысынан СOVID-19 вирусу жуккандардын саны 125 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин беш адам айыгып чыкканын жарыялаган. 

 

up