15:37, 28 март 2024 Бш

Парламент Исмаилова менен Абдикаримовдун талапкерлигин колдоду

Парламент Исмаилова менен Абдикаримовдун талапкерлигин колдоду — Today.kg

Жогорку Кеңеште вице-премьер-министрлик кызматка Аида Исмаилованын, ал эми саламаттык сактоо министрлигине Сабиржан Абдикаримовдун көрсөтүлгөн талапкерлигин жыйынга катышкан 91 депутат бир добуштан колдоду. Эки талапкер тең бул мамлекеттик кызматты аркалап кетүүгө дарамети жетерин айтып, кыйын кырдаалды жөнгө салууга бардык аракетин жумшоого убада берди.

Аида Исмаилова - парламенттеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты. Ал эми Сабиржан Абдикаримов Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Өзгөчө коркунучтуу жана карантиндик инфекциялар борборунун жетекчиси болуп иштеп келген. 2010-жылдан соң кыска убакыт саламаттык сактоо министри болуп турган.

 

1-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер Алтынай Өмүрбекованы, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди иштен алган. Коопсуздук кеңеши 31-марттагы отурумунда «коронавирустун алдын алуу боюнча жетиштүү иш жүргүзө алган жок» деп, аларга чара көрүүнү премьер-министрге сунуш кылган. 

up