13:27, 25 апрель 2024 Бш

Россия коронавирусту аныктоочу жогорку тактыктагы жаңы тест чыгарды

Россиянын Колдонуучулардын жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) окумуштуулары коронавирусту аныктоо үчүн жогорку тактыктагы тест иштеп чыгышты. Бул тууралуу ведомствонун сайтында айтылат.

COVID-19 вирусун аныктоочу жаңы каражат клиникалык сыноолордон өтүп, 25-март күнү каттоого алынды.

Окумуштуулардын айтымында, ал бир гана COVID-19 вирусун эмес, анын тутумуна кирген башка вирустарды дагы аныктай алат.

"Жаңы "АмплиСенс CoV-Bat-FL" тести өтө сезгич болгондуктан, жыйынтыгы дайыма туура болот", — деп айтылат кабарда.

Бул тестти окумуштуулар коронавирус менен күрөшүүнүн дагы бир ыкмасы катары баалап жатышат.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка караганда, учурда дүйнө жүзү боюнча 785 709 киши коронавируска кабылды. Алардын арасынан 37 686сы каза таап, 165 837 бейтап сакайды.

Булак: Sputnik

up