18:59, 24 апрель 2024 Шр

Президент Европа биримдигинен Кыргыз өлкөсүнө кошумча жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады

Президент Европа биримдигинен Кыргыз өлкөсүнө кошумча жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады — Today.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков 26-мартта Европа биримдигинин Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эдуард Ауэр менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчы Европа биримдиги өлкөнү өнүктүрүү боюнча негизги долбоорлорду ишке ашырууда маанилүү өнөктөш болуп, санарип трансформациясын жылдырууда, билим берүү тармагын реформалоодо колдоо көрсөтүп жатканын белгиледи.

Ал коронавирус инфекциясынын Европа биримдиги өлкөлөрүнө жайылып жаткандыгына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, эпидемиялык кырдаалдын тез арада оңолуп кетишине үмүт артаарын айтты.

Ошондой эле бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясынын жайылуусунун кесепетинен Кыргыз мамлекетинин республикалык бюджетинин чыгымдар бөлүгүндө каржылоонун жетишпей калуу коркунучу пайда болгонун белгиледи. Мындан тышкары калктын саламаттыгын сактоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана кризиске каршы чараларды ишке ашырууга байланышкан өзгөчө кырдаалдагы иш-чараларды каржылоо муктаждыгы бар.

Президент Сооронбай Жээнбеков биримдикке коронавирус инфекциясынын жайылышынын кесепетинен келип чыккан терс көрүнүштөрдү азайтуу үчүн өлкөгө кошумча жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Эдуард Ауэр бул илдет менен күрөшүүдө Кыргыз өлкөсүн колдогонун айтты. Өлкөдөгү экономикалык абал тууралуу жана зарыл болуп жаткан колдоо жөнүндө маалымат биримдиктин штаб-квартирасына жөнөтүлгөнүн билдирди.

 

 

up