12:35, 20 апрель 2024 Иш

Парламентте балдар катышкан сессия жүрүп жатат

Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңеш менен Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Балдар фонду (ЮНИСЕФ) балдардын катышуусунда парламенттик сессия өткөрүп жатышат.

Иш чара Дүйнөлүк балдар күнүнө, Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына, Кыргызстандын келишимге кошулганынын 25 жылдыгынын алкагында уюшулган.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдиргендей, Парламенттик сессиянын ишине өлкөнүн бардык аймактарынан келген 8-16 жаш курактардагы 25 бала катышып жатышат. Жогорку Кеңештин батыш залында өтүп жаткан иш-чаранын жүрүшүндө балдар өздөрүнүн укуктары менен Кыргызстандын келечеги жөнүндөгү ой-пикирлерин талкуулашууда.

up