11:57, 29 март 2024 Жм

УКМК 200 миң доллар жоголду делген маалыматты четке какты

Улуттук коопсуздук комитетинен (УКМК) 200 миң АКШ доллар суммасындагы акча каражаты жоголгону тууралуу атайын кызмат билдирүү таратты.

Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Ч.У. пара алуу боюнча кылмыш ишинин тергөөсү аяктап сотко жөнөтүлдү. Кечээ, 19-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бул маселени караган. Тергөө иштеринде чогултулган материалдардын жана жогоруда айтылган далил катары алынган акча кажаттарынын негизинде алынган 200 миң АКШ доллар каражаттарды мамлекетке киреше катары алуу боюнча токтом менен чечим чыгарылган”, — деп айтылат УКМК бүгүн тараткан маалыматты.

Буга байланыштуу УКМК 200 миң АКШ доллары жоголгондугу тууралуу маалымат чындыка дал келбестигин билдирет. Муну менен атайын кызматтын жетекчилигине жана улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракеттерин каралоо максатында жалган маалыматтарды таратуу менен коомчулукка жаман көрсөтүү үчүн атайын каралоо иштери жүрүп жаткандыгын белгиленет.

up