03:26, 29 март 2024 Жм

ЕАЭБ Кыргызстандын бажы боюнча өтүнүчүн колдогон жок

Евразия экономикалык Биримдиги уюму Кыргызстандын унаа бажысы боюнча өтүнүчүн колдогон жок. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Элдар Алишеров маалымат каражаттарына билдирди.

Кечээ күнү Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын жыйыны өткөн. Жыйында кыргыз тарап үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап турууну өтүнгөн. Бул уюмдун башка мүчөлөрү тарабынан колдоого алынган эмес.

Үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымынын жеңилдетилген жана жалпы түрү бар.

Жалпы — бул унаа баасынын 20% бажы алымы, ага кошумча нарк салыгы кошулат. 2020-жылдын 1-январынан тартып, ушул түрү ишке кирет. Жаңы тарифтерге ылайык, автоунаанын чыгарылган жылы жети жылдан көп болсо, анын бажы төлөмү ошого жараша кымбат болот. 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кымбаттайт.

up