03:52, 24 апрель 2024 Шр

Өлкөдөгү камсыздандыруу компанияларынын кирешеси айтылды

Улуттук статистика комитети өлкөдөгү камсыздандыруу компанияларына түшкөн киреше жана чыгымдар боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, учурда Кыргызстанда 17 камсыздандыруу компаниясы иштейт. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында аларга 910,2 миллион сом киреше түшкөн. Ошол эле учурда чыгашасы 839,2 миллион сомго жеткени айтылат.

Жалпысынан 134,7 камсыздандыруу келишими түзүлгөн. Анын ичинен 85 пайызы (114 миңден ашуун) жеке жактар, 15 пайызы юридикалык тарап экени айтылды.

up