15:07, 20 апрель 2024 Иш

Тбилиси: Демонстранттар кайрадан парламенттин алдына чатыр тигишти

Грузиянын борбору Тбилисиде демонстранттар кайрадан парламенттин имаратынын алдына келип, чатыр лагерлерин куруп алышты.

Оппозиция лидерлери өкмөт кызматтан кетип, пропорционалдык система боюнча мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрмөйүндө тынчыбай турганын белгилешүүдө.

17-ноябрда Грузия парламентинин алдында 5,5 миң адам чогулуп, парламенттин үч эшигин тең тороп алышкан болчу. Имарат алдына чатырларды тигишип, бийликтеги партиянын депутаттарын имарат ичине киргизбей турганын билдиришкен.

18-ноябрь, кечке жуук Жогорку Раданын алдын тороп алган оппозициячыл партиялардын тарапкерлери жана активисттер менен бир топ убакыт алышкан полиция соңунда суу бүркүп, демонстранттарды тараткан болчу. Ошондой эле бир канча активистти кармап кеткен.

Тбилисидеги нааразычылыктар 14-ноябрда башталган. Буга парламентте 2020-жылга белгиленген шайлоону пропорционалдык система боюнча өткөрүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынбай калганы себеп болгон.

Демонстранттар мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү жана өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылышууда.

up