08:20, 29 март 2024 Жм

Салык кызматынын күйүп кеткен имаратынын ордуна бала бакча салынат

Бишкекте Тыныстанов 193 дареги боюнча жайгашкан салык кызматынын мурдагы күйүп кеткен имаратынын ордуна жаңы бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Учурда даярдоо иштери жүрүп, аны менен катар имараттын пайдубалы куюла турган чуңкур казылууда.

Бала бакча эки кабаттуу болуп, аянты 1 миң 216 чарчы метрди түзөт. Анда балдар үчүн оюн, уктоочу бөлмөсү, музыкалык жана спорт сабактары үчүн бөлмөлөр болот.

Бала балчанын курулушуна 35 млн 602 миң сом кетип, ал шаардык бюджеттен бөлүнүүдө.

Курулуш иштери келерки жылдын сентябрь айына карата бүткөрүлөрү кутүлүп жатат. 2020-жылдын күз айында ал бала бакчага 100 бала бара баштайт.

up