12:03, 24 апрель 2024 Шр

Гонконг: Кампусту ээлеген студенттер күч менен чыгарылды [видео]

Гонкондо нааразычылыгын билдиришкен студенттер басып алган Политехникалык университеттен соңку бир күндө 600дөн ашык студент кампустан чыгып кетишти. Жүздөгөн башаламандыктын уюштуруучулары гана калган. Бул тууралуу окуяны тынчтык жолу менен аяктоого чакырган Гонконгдун өкмөт башчысы Кэрри Лам билдирди.

Маалыматка ылайык, акцияга катышкандардын 200дөйүн 18ге толо элек жаштар түзгөн. Жашы жете элек демонстранттарга өздүк маалыматтарын калтыруу менен үйгө кетүүсүнө мүмкүнчүлүк берилген.

Андан сырткары калайман башаламандыкты жүргүздү делген 400 катышуучу кармалган.

Окуу жайдын алдында полиция кызматкерлерине болгон нааразычылык жекшемби, 17-ноябрь кечинде башталган. Кампусту курчаган студенттер имараттын ичине кирүүгө аракет кылган полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшкөн.

Бир нече саатка созулган кармаштан соң, полиция кызматкерлери университеттин ичине киришкен. Полиция демонстранттарга каршы көздөн жаш чыгаруучу газ жана суу чачуучу куралдарды колдонушууда.

18-ноябрга караган түнү Гонконгдо болуп өткөн кагылышуу бир нече айга созулган көтөрүлүштөгү каршылык көрсөтүүнүн эң катаал учуру болду.

Митингдин катышуучулары полиция кызматкерлерине каршы колго жасалган өрт чыгаруучу суюктуктарды колдонушкан.

Гонконг эли экстрадициялоо мыйзамына киргизилген түзөтүүлөргө каршылык кылып, июнь айынын башынан бери байма-бай митингдерге чыгып келет. Мыйзамдагы түзөтүүгө ылайык, Гонконг бийлиги кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүү боюнча макулдашкан.

Жалпы каршылыктан соң, бийлик бул мыйзамды документти парламенттен биротоло кайтарып алган. Ага карабастан демонстранттар нааразычылык акцияларын токтотушкан эмес. Алар Бээжиндин саясатынан чыкпаган бийликтин отставкасын, буга чейинки калайман каршылыкта камалгандардын бошотулушун талап кылып жатышат.

Акция уланган 5 айдын ичинде мыйзам бузду делген 4,5 миңден ашуун катышуучу кармалган.

Июндан бери жүрүп келген каршылык акциялары ноябрда күч алып, акция учурунда демонстранттар менен полиция кагылышып, 22 жаштагы студент каза болгон. Митингдин катышуучуларынын айтымында, студент Чоу-Цок күч органдары көздөн жаш агызуучу газ колдонуп жаткан учурда жабыркаган. Бул окуядан соң, акция катышуучуларынын полиция кызматкерлеринин демонстранттарга карата күч колдонгондугуна нааразычылыгы күч алып, окуяны териштирүүнү, тийиштүү адамдардын жазаланышын талап кылышууда.

up