21:16, 25 апрель 2024 Бш

Ысык-Көл Кытайдын Хубэй провинциясы менен кызматташат

Ысык-Көл облусуна Кытайдын Хубэй провинциясынын коммерциялык департаментинин өкүлдөрү келди. Бул тууралуу амактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Хубэй провинциясынын коммерциялык департаментинин өкүлдөрү менен жолугушууга өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Д.Моңолдоров жана Ысык-Көл районунун акиминин биринчи орун басары Д.Акматова катышты.

Жолугушууда инвестиция тартуу, экспорт жана туризмди өнүктүрүү, айыл чарбасы, өндүрүш, кайра иштетүү тармактарында биргелешип иш алып баруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Соңунда эки тараптуу протоколго кол коюлду.

⇳ Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

up