16:22, 29 март 2024 Жм

Дүйнөдө 4,2 миллиард адам таза дааратканага муктаж

БУУнын маалыматына ылайык, дүйнө боюнча жалпы калктын 50 пайыздан ашыгы, тактап айтканда, 4,2 миллиард адам нормалдуу санитардык шарты бар дааратканаларга муктаж.

Жыл сайын беш жашка чейинки 297 миң бала гигиеналык шарттардын жоктугуна байланыштуу диареядан улам каза болот.

БУУ 2001-жылдын 19-ноябрын «Бүткүл дүйнөлүк таза даараткана күнү» (World Toilet Day) деп жарыялаган.

Учурда дүйнө боюнча 19 «дааратканалар ассоциациясы» бар. Аталышы кызыктай угулганы менен бул уюмдар глобалдык деңгээлдеги маанилүү маселелер менен алектенип келишет. Алсак, гигиеналык тазалыктын маанилүүлүгү, жугуштуу жана начар санитардык абалдардан улам пайда болуучу оорулар менен күрөшүү сыяктуу көйгөйлөр бар.

БУУ ар дайым глобалдык өнүгүүдө элдин гигиеналык шарттарга жетишүү мүмкүнчүлүгүнүн маанилүү экендигин белгилеп келет.

Даараткана тууралуу кызыктуу фактылар:

  • 19-ноябрды «Бүткүл дүйнөлүк таза даараткана күнү»;
  • Дүйнө калкынын 673 миллиону ачык туалеттерди колдонот;
  • 1739-жылы Париж шаарында алгач ирет дааратканалар аял/эркек болуп бөлүнгөн;
  • Алгачкы түрмөктөлгөн даарат кагаздары 1890-жылы чыккан.

up